Эртең, 7-июнда республиканын дээрлик көпчүлүк аймактарында жаан-чачын күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында күндүзү күн ачык болот. Түнкүсүн жамгыр жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн +21... +23, күндүз +26... +28 градус ысыйт.
Аймактарда абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +19.. +24, күндүз +24 ... +29;
Талас жергесинде түнкүсүн +16... +21, күндүз +22... +27;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +18... +23, күндүз +25... +30;
Ысык-Көлдө түнкүсүн +9... +14, күндүз +18 ... +23;
Нарында түнкүсүн +7... +12, күндүз +21... +26;
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрге, Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге чейин жетет.