ӨКМ 200дөн ашуун үй-бүлөгө жардам берди

Бүгүн, 6-июнда Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Курман айт майрамына карата кайрымдуулук иш-чарасын өткөрдү. Бул тууралуу мекеме билдирүү таратты.
ӨКМ башчысы Бообек Ажикеевдин айтымында, бүгүн жасалган курмандык, берилген жардамдар министрликке караштуу мамлекеттик ишканалардын кирешелеринин негизинде жасалууда.
"Бул жолу өлкө аймагы боюнча министрликте иштеген, аярлуу деп эсептелген 200дөн ашуун үй-бүлөгө жардам берилди. Айт намаздан соң курмандыкка мал союлуп, буга кошумча ун, шекер, май таркатылды", - деп жазылат маалыматта.
Белгилей кетсек, иш-чара ӨКМге караштуу башкармалыктарда, мамлекеттик мекемелерде өтүүдө.
06.06.25
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан