НАСА Трамп менен Масктын мамилесине карабастан берилген тапшырма аткарыларын билдирди

Американын космостук агенттиги (NASA) АКШнын президенти Дональд Трамп менен ишкер Илон Масктын пикир келишпестиктерине карабастан Ак үйдүн башчысы койгон милдеттердин үстүндө иштөө улантыларын билдирди.

"НАСА президенттин космостун келечегине болгон көз карашын ишке ашырууну улантат. Президенттин космостогу максаттарына жетиши өнөктөштөрүбүз менен иштешүүнү улантабыз", - деп жазды агенттиктин басма сөз катчысы Бетани Стивенс X социалдык тармагында.

Трамп кечээ, 5-июнда Масктын Ак үйдүн өтүнүчтөрүнө ылайык иштелип чыккан АКШ бюджетинин долбоорун сынга алганына нааразы болгонун айтып, андан көңүлү калганын билдирген.

Жооп катары Маск анын жеке SpaceX компаниясы "Драгон" космостук кемесин дароо иштен чыгара турганын ишарат кылган. Бул социалдык тармактарда талкууга алынып, сындар айтылган. Мындан улам Маск ал оюнан кайтканын билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан