Орусия президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков орус-украин чатагы Москва үчүн коопсуздук маселеси экенин белгилегенин Интерфакс басылмасы жазды.
"Албетте, АКШ президентинин болуп жаткан окуяларга өзүнүн көз карашы болушу мүмкүн. Биз үчүн бул – биздин улуттук кызыкчылыктарыбыздын, коопсуздугубуздун, өлкөбүздүн келечегинин маселеси", - деген ал.
Ошондой эле Песков Москва Вашингтон менен болгон байланыштарын уланта берерин айткан.
Буга чейин АКШнын президенти Дональд Трамп Ак үйдө Германиянын канцлери Фридрих Мерц менен болгон жолугушууда Орусия менен Украинанын ортосундагы аскердик жаңжалды балдардын мушташына салыштырган.
"Кээде жиндидей мушташкан эки кичинекей баланы жолуктурасың. Алар бири-бирин жек көрүшөт. Сен аларды ажыратууга аракет кыласың. Алар буга көнүшпөйт. Кээде аларды бир аз убакытка мушташтырып, анан ажыраткан жакшы", - деген болчу Трамп.