Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жакынкы бир саат аралыгында жана түнкүсүн Бишкек менен Чүй өрөөнүндө катуу шамал болорун билдирди.
Маалымдалгандай, шамалдын батыштан соккон ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге чейин жетери күтүлүүдө. Андыктан ӨКМ бул учурда жарандарды коопсуз жайларда болууга чакырат.
Министрлик өзгөчө имараттардын, бактарын, жарнама калкандарынын жанына туруу кооптуу экенин эскертип, кандайдыр бир кырдаалга кабылган жарандарды "112" кызматына чалууга чакырды.