Нарын облусунун аймагында күчү 5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институту билдирди.
Маалымдагандай, жер силкинүү бүгүн, 7-июнда саат 9:33дөр чамасында болду. Очогу Орто-Сырт айылынан 15 чакырым түштүк-чыгышта, Нарын шаарынан 78 чакырым түштүк-батышта жайгашкан.
Жер титирөө Орто-Сырт жана Кара-Булак айылдарында 4,5 баллга жеткен. Ал эми Кызыл-Туу, Казыбек, Кара-Булуң жана Ак-Бейит айылдарында 4 балл болсо, Баетов, Терек, Кара-Суу, Дыйкан, Ак-Чий, Ак-Жар, Ат-Башы, Терек-Суу айылдарында 3,5 баллга чейин сезилген.