Тышкы иштер министрлиги өлкө аймагында Нигериянын үч жараны оор жашоо шартында жүргөндүгү тууралуу массалык маалымат каражаттарында жарыяланган маалыматтарга байланыштуу билдирүү таратты.
Министрлик учурда компетенттүү мамлекеттик органдар түзүлгөн кырдаалды ар тараптуу изилдөө жана аны тийиштүү түрдө жөнгө салуу максатында зарыл болгон чараларды көрүп жатканын белгиледи.
ТИМ ошондой эле бул маселени тез арада чечүү үчүн тийиштүү мамлекеттик түзүмдөр менен өз ара тыгыз иш алып барып жатканын кошумчалады.