Бишкекте дайынсыз болуп жаткан 18 жаштагы кыздын сөөгү табылды

Бишкек шаарынын аймагынан дайынсыз болуп жаткан 18 жаштагы кыздын сөөгү табылды. Бул тууралуу бүгүн, 7-июнда Свердлов РИИБинен билдирди.

Маалыматка ылайык, кыз 3-июнда Мичурин көчөсүндө жайгашкан үйүнөн чыгып кеткен боюнча кайтып барган эмес. Факт боюнча милицияга арыз түшүп, издөө иштери башталган. Издөө иштерине милиция кызматкерлери, атайын үйрөтүлгөн иттер, дрондор жана Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучулары тартылган.

Натыйжада ӨКМдин кызматкерлери тарабынан анын жансыз денеси табылган. Маркумдун денесине сырттан кароо жүрүгүзүлүп, эч кандай жаракаттар табылган эмес.

Бул факт каттоого алынып, өлүмдүн себебин аныктоо үчүн соттук-медициналык экспертиза дайындалды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан