Ысык-Көлдөгү 80 миң долларлык жерге байланыштуу алдамчылыкка шектелген жаран кармалды

Ысык-Көлдөгү жер тилкесине байланыштуу алдамчылыкка шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 7-июнда Ички иштер министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, 21-майда милицияга 43 жаштагы жаран арыз менен кайрылган. Ал Тоң районунда жайгашкан баасы 80 миң долларлык 5 гектар жер тилкесин алдамчылык жолу менен ээлеп алган эки адамга карата чара көрүүнү суранган.

Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (Алдамчылык) менен кылмыш иши козголгон. Тергөө ишинин жүрүшүндө мурда бир нече жолу ар кандай кылмыштар менен соттолгон Ысык-Көл облусунун 38 жаштагы тургуну кармалып, Бишкек шаардык милициясынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Учурда тергөө иштери уланууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан