2025-жылдын 1-июнунан 31-августуна чейин "Компаньон Банкы" эл аралык акча которууларды жүргүзгөн кардарлары үчүн жайкы акция өткөрөт. Бул жакындарыңызды колдоонун эле эмес, баалуу сыйлыктарды — iPhone 16 Pro жана муздаткычтарды утуп алуунун да мүмкүнчүлүгү.
Акция банктын 18 филиалынын баарында өтөт. Катышууга 18 жаштан жогорку бардык кардарлар укуктуу. Акцияга кошулуш үчүн Золотая Корона, AstraSend (мобилдик тиркеме аркылуу кошо), Western Union, Sendy, RIA жана Квикпей системалары аркылуу акча жөнөтүү же алуу жетиштүү.
Эгер акциянын жүрүшүндө жиберилген же алынган акчалардын жалпы суммасы 100 000 сомдон (же башка валютадагы эквиваленти) ашса, сиз автоматтык түрдө розыгрыштын катышуучусуна айланасыз. Сиз канчалык көп операция жасасаңыз — утуш мүмкүнчүлүгү ошончолук жогору.
Жеңүүчүлөрдүн жалпы саны — 72 адам:
Ар бир филиалда 4 жеңүүчү аныкталат:
"Биз кардарларыбыздын ишенимине ыраазычылык билдирип, аларды пайдалуу белектер менен кубанткыбыз келет. Эл аралык акча которуулар миңдеген үй-бүлөлөр үчүн маанилүү каржылык курал бойдон калууда. Биз активдүү колдонуучуларды колдоп, шыктандырууну каалайбыз", — деп белгилешти "Компаньон Банкынан".
Акциянын шарттары боюнча кенен маалыматты банктын расмий сайтынан алса болот. шилтеме
Суроолор боюнча 88 00 номуруна чалыңыз (мобилдик телефондон акысыз) же WhatsApp: 0 770 33 88 00 аркылуу байланышсаңыз болот.