АКШнын Улуттук гвардиясы Лос-Анжелеске нааразылык акцияларына байланыштуу жайгаштырылат

АКШ бийлигинин мыйзамсыз мигранттарды издөө рейдине каршы нааразылык акцияларынын алкагында Лос-Анжелеске Улуттук гвардиянын эки миң адамдан турган күчтөрү жайгаштырылат.

Буга чейин АКШнын Иммиграция жана Бажы кызматынын шаардын борборунда мыйзамсыз иммигранттарды аныктоо үчүн жүргүзгөн рейди демонстранттар менен кагылышууга чейин жеткен.

АКШ президентинин администрациясынын чек ара коопсуздугун жетектеген Томас Хоман Fox News телеканалына Улуттук гвардия кечинде жайгаштырыла турганын айтты. Ал муну коопсуздукту камсыздоо менен түшүндүргөн.

Хоман АКШнын жарандары каалашынча нааразычылык билдирүүгө укуктуу экенин тактаган. Ал бирок офицерлерге кол салуу жана мүлктү талкалоо учурларында митингчилер жоопкерчиликке тартыларын билдирген.

Ак үйдүн басма сөз катчысы Кэролин Левиттин айтымында, АКШ президенти Дональд Трамп мыйзамсыздыкка каршы нааразылык акциялары учурунда Лос-Анжелеске Улуттук гвардиянын 2 миң офицерин жайгаштыруу боюнча меморандумга кол койгон.

08.06.25.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан