Индонезиянын президенти футболчуларга Rolex кол сааттарын белекке берди

Индонезиянын президенти Прабово Субианто 2026-жылкы Дүйнө чемпиондугунун тандоо турунда Кытайды 1:0 эсебинде утуп алган улуттук курама команданын оюнчуларына Rolex кол сааттарын белекке берген.

Beritasatu маалымат порталы билдиргендей, ар бир оюнчу болжол менен 254,8 миллион Индонезия рупиясына (болжол менен 16 миң доллар) бааланган Rolex GMT-Master II моделиндеги кол сааттарын алышкан. Сыйлыктар жума күнү Жакартадагы президенттин резиденциясында футболчулар менен болгон түшкү тамактанууда тапшырылган.

Айта кетсек, Индонезия 5-июнда Кытайды 1:0 эсебинде утуп алгандан кийин 2026-жылкы Дүйнө чемпиондугуна жолдомо алуу үчүн плей-офф баскычына жолдомо алды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан