АКШда Лос-Анжелестеги башаламандыктардан улам демонстранттарга беткап кийүүгө тыюу салынат

Лос-Анжелестеги нааразылык акцияларынын жүрүшүндө АКШнын президенти Дональд Трамп өлкөдөгү митингдерде беткап кийүүгө тыюу салынарын билдирди.

"Мындан ары нааразылык акцияларында беткап кийүүгө тыюу салынат. Алар эмнени жашырууга аргасыз болууда жана эмне үчүн?" - деп жазды ал Truth социалдык тармактагы баракчасына.

Буга чейин АКШнын Иммиграция жана Бажы кызматынын (ICE) Лос-Анжелестин борборунда мыйзамсыз мигранттарды аныктоо үчүн жүргүзгөн рейди демонстранттар менен кагылышууга айланган. Ак үйдүн басма сөз катчысы Кэролин Левитт нааразылык акциялары учурунда Лос-Анжелеске Улуттук гвардиянын 2 миң аскери киргизилерин билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан