"Кальмар оюну" сериалынын режиссёру Хван Дон Хёк үчүнчү сезонду тартып жатып дагы эки тишинен айрылган.
Entertainment Weekly басылмасына маек берип жатып, режиссёр стресс анын ден соолугуна байланыштуу кайрадан көйгөйлөргө алып келгенин моюнуна алган. Хван түшүндүргөндөй, сериалды тартуу учурунда стресске алып келе турган бир топ түйшүктүү иштер болгонуна байланыштуу. Ал учурда тиштерин жасата электигин белгилеген.
Эске салсак, сериалдын биринчи сезонун тартуу учурунда Хван Дон Хёктун 9 тиши түшүп калган. Бирок ал кийин тиштерин калыбына келтирүүгө жетишкен.
27-июнда "Кальмар оюнунун" үчүнчү сезонунун премьерасы болот.