Грузиялык UFC мушкери Мераб Двалишвили АКШнын президенти Дональд Трамптын алдына тизеледи.
Окуя бүгүн, 8-июнда UFC 316 турниринин негизги беттешинен кийин болду. Анда грузиялык мушкер UFC чемпиондугун экинчи жолу коргоду. Ал беттеште америкалык атаандашы Шон О'Мэллини үчүнчү раундда муунтуу ыкмасы менен утуп алды. Жеңиштен кийин ал сегиз бурчтуу тосмодон секирип өтүп, Трамптын алдына чөгөлөп, аны менен учурашып, сүрөткө түшүүгө да жетишти.
Трамп Ньюарк шаарында өтүп жаткан UFC 316 турнирин көрүү үчүн келген.
34 жаштагы Двалишвили UFCде катары менен 13-жеңишине ээ болду. Жалпысынан анын рекордунда аралаш мушташ боюнча 20 жеңиш жана 4 жеңилүү бар.