Кыргызгидромет билдиргендей, өлкөнүн тоолуу аймактарында мезгил-мезгили менен жамгыр жаап, күн күркүрөйт. Жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу райондорунда сел жүрүп, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү мүмкүн.
Абанын температурасы:
Чүйдө +32…+37;
Талас өрөөнүндө +31…+36;
Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында +32…+37;
Ысык-Көл жергесинде +24…+29;
Нарын чөлкөмүндө +26…+31;
Бишкекте +34…+36;
Ош шаарында +33…+35 градустун тегерегинде болору айтылды.