Кечээ, 8-июнда Израиль Газа тилкесине багыт алган Madleen кемеcин токтотту. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты.
"Madleen менен байланыш үзүлдү", - деп жазды "Эркиндик флотилиясы" уюму телеграм-каналында.
Уюм мындан тышкары, адамдардын куткаруучу күрмөлөрдө колдорун көтөрүп отурган сүрөттөрүн жарыялады. Учурда бул сүрөттөрдүн чын экенин тактоо мүмкүн эмес. Израиль бийлиги да бул боюнча азырынча эч кандай билдирүү бере элек.
Гуманитардык жардам жүктөлгөн бул кеме Египеттен чыгып Газа секторуна карай жөнөгөн. Анын жүргүнчүлөрүнүн арасында экологиялык активист Грета Тунберг да болгон.
Буга чейин Израилдин бийлиги бул кеме анклавдын жээгине жетпеши керек экенин билдирген.