АКШнын президенти Дональд Трамп Лос-Анжелес шаарын мыйзамсыз жүргөн мигранттардан тазалай турганын билдирди. Бул тууралуу ал өзүнүн Truth Social социалдык тармагында билдирген.
Трамп Лос-Анжелестеги баш аламандыктар тууралуу дагы бир билдирүү калтырган. Анын айтымында, "мурдагы улуу америкалык шаарды" мыйзамсыз жүргөн мигранттар басып алышкан.
"Азыр зордукчул, козголоңчул топтор биздин федералдык агенттерге кол салып, депортация операцияларына тоскоолдук кылууга аракет кылышууда. Бирок бул мыйзамсыз баш аламандыктар биздин чечкиндүүлүгүбүздү гана күчөтүүдө", - деп жазды АКШнын президенти.
Ал ички коопсуздук жана коргоо министрлерине, ошондой эле башкы прокурор Пэм Бондиге Лос-Анжелести мигранттардын каптоосунан бошотуу жана баш аламандыктарды токтотуу үчүн бардык зарыл чараларды көрүүнү тапшырганын билдирди.
"Тартип калыбына келтирилет, мыйзамсыз жүргөндөр депортацияланышат, ал эми Лос-Анжелес бошотулат", - деп кошумчалады Трамп.
Эске салсак, буга чейин АКШнын Иммиграция жана Бажы кызматынын Лос-Анжелестин борборунда мыйзамсыз мигранттарды аныктоо үчүн жүргүзгөн рейди демонстранттар менен кагылышууга айланган. Ак үйдүн басма сөз катчысы Кэролин Левитт нааразычылык акциялары учурунда Лос-Анжелеске Улуттук гвардиянын 2 миң аскери киргизилерин билдирген.