Amazon жеткирүү кызматы үчүн роботторду сынактан өткөрүүдө

Amazon компаниясынын буюртмаларын кардарларга адам сыяктуу роботтор жеткире башташы мүмкүн. Бул тууралуу The Information басылмасы жазып чыкты.

Маалым болгондой, бул роботтор жакынкы аралыкта чыныгы тестирлөөгө даяр болушат.

Amazon роботторду мекеменин таратуучу жана логистикалык борборлорунда иштөөдө жардам берерин билдирүүдө. Silicon Valley басылмасына берген билдирүүсүндө: "Атайын роботтордун ордуна, табигый тилде берилген буйруктарды угуп, түшүнүп жана аткара алган системдерди түзүп жатабыз, кампа роботторун ийкемдүү, көп жөндөмдүү жардамчыларга айландырабыз",- деп билдирген Amazon.

Азыр Amazon кампаларында ар түрдүү автономдуу роботтор колдонулууда. Анда Agility Robotics компаниясынын адам сыяктуу Digit роботу бар. Бул робот баштапкыда фургондордун артында отуруп, пакет жеткирүү жана башка логистикалык иштерди жасоо үчүн иштелип чыккан.

Ошондой эле Amazon жайында пакет жеткирүү үчүн ар кандай гуманоид роботторду тесттен өткөрө турганын, анын ичинде баасы 16 миң доллар болгон Кытайда жасалган Unitree роботу бар экенин кабарлаган.

Белгилей кетсек, учурда жүз миңдеген адам Amazon компаниясында жеткирүү иштерин аткарышат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан