
Өлкө аймагында акыркы суткада 19 өрт кырсыгы катталып, өрттү өчүрүүгө 20 күжүрмөн эсеп тартылды. Бул тууралуу бүгүн, 9-июнда Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
Билдирүүгө ылайык, Бишкек шаарында 8, Чүй олусунда 5, Ош облусунда 2, Жалал-Абад облусунда 3, Нарын облусунда 1 өрт кырсыгы болду.
Министрлик жарандарды өрт коопсуздугун сактоого чакырат.