Португалия Улуттар Лигасын жеңип, Роналду Кубок көтөрдү (видео)

УЕФАнын Улуттар Лигасынынын финалында Португалия курама командасы Испаниянын футболчуларын жеңип алды.

Беттеш Германиянын Мюнхен шаарында өтүп, анда командалар оюнду негизги убакытта 2:2 эсебинде тең чыгуу менен аяктады. Пенальтиде 5:3 эсеби менен португалиялыктар жеңишке жетишти.

Испания курамасында Мартин Субименди менен Микель Оярсабаль командасына упай алып келсе, Португалиядан Нуну Мендеш менен Криштиану Роналду гол киргизди.

Бул Португалиянын улуттук курамасы үчүн өз тарыхында УЕФАнын Улуттар Лигасындагы экинчи жеңиши болду. Буга чейин 2019-жылы да утуп алышкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан