Кечээ, 8-июнда Жалал-Абад шаарындагы турак үйлөрдүн бирине кирип кеткен жылан куткаруучулар тарабынан чыгарылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, үйгө барган 5 куткаруучу жыланды кармап коопсуз аймакка алып чыгып бошотуп жиберишти.