Бишкек эл аралык кинофестивалы 11-15-июнь күндөрү өтөт. Фестиваль режиссёрлорду, сценаристтерди, продюсерлерди, актёрлорду, киносынчыларды жана эксперттерди дүйнөнүн булуң-бурчунан бириктирип, кесиптик өсүүгө, чыгармачыл алака түзүүгө жана эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүүгө кеңири мүмкүнчүлүктөрдү түзөт.
Быйыл фестивалда биринчи жолу "KyrgyzBox" аталышындагы жаңы программа тартууланат. Көрүүчүлөрдүн сүйүүсүнө ээ болгон жана улуттук прокатта рекорд койгон негизги хиттерди көрүүгө болот.
III Бишкек эл аралык кинофестивалында “Француз-немис кино жумалыгы” өткөрүлүп, анын алкагында алты тасма көрсөтүлөт.
Бул жылы программада:
Мастер-класстар
Быйылкы мастер-класстар киноиндустриянын негизги инструменттерине – жасалма интеллекттен баштап актерлук менеджментке чейинки темаларга арналган.
Экспортко кетүүчү анимация
Белгилүү ирандык сценарист жана продюсер Мохаммад Реза Рахмани маданий багыттагы анимацияны эл аралык рынокко кантип алып чыгуу керектиги тууралуу сөз кылат.
Визуалдык иштеп чыгуу жана раскадровка
Дизайнер Алекс Росно тасманын визуалдык тилин жана раскадровкасын түзүү үчүн жасалма интеллектти кантип колдонууну керектигин түшүндүрөт.
Музыканын үнү: заманбап доордогу кинокомпозиция искусствосу
Хорватиялык композитор Озрен К. Глазер ("Годзилла: Минус один" саундтрегинин автору) кинодогу үн жана музыка менен иштөө тажрыйбасы менен бөлүшөт.
Кинонун визуалдык тили: жарыктан кыймылга
Легендарлуу актер Жет Ли катышкан “Ромео өлүшү керек” тасмасынын режиссеру Анджей Бартковяк тасманын визуалдык стилин түзүү боюнча практикалык сабак өткөрөт.
Корей контентинин жана VFXтин эволюциясы
Визуалдык эффекттер боюнча легендарлуу адис Хван Су Джон кореялык киноиндустриядагы 25 жылдан ашуун убакта топтогон тажрыйбасы менен бөлүшөт. Анын таасирдүү портфолиосу “Пусанга поезд”, “Бетонная утопия”, ошондой эле Netflix жана Disney+ долбоорлорун камтыйт.
Сессиянын жүрүшүндө Хван Кореянын VFX индустриясы кантип технологиялык колдоо аркылуу дүйнөлүк лидерлердин бирине айланганын баяндайт. Ал ошондой эле жасалма интеллекттин кинодо өсүп жаткан таасири жөнүндө сөз кылып, эмне үчүн Борбор Азия визуалдык эффекттердин кийинки чоң борбору болуп калышы мүмкүн экенин түшүндүрөт.
Кастинг жана жаңы кесиптер
Франциялык кастинг-директор Селин Ришар кино тармагында көптөгөн дебютанттарга жана жаш актерлорго карьерасында алгачкы кадамдарды таштоого жардам берген адис катары белгилүү. Ал Европа кинематографиясында кастинг уюштуруу тажрыйбасы менен бөлүшүп, тартуучу топтун заманбап түзүмү жана жаңы адистиктер тууралуу айтып берет.
Актёрлук менеджмент
Актриса, педагог жана “Киноактёрду өнүктүрүү” китебинин автору Олеся Грибок карьераны кантип натыйжалуу курууну, продюсерлер, агенттер жана кастинг-директорлор менен өз ара аракеттешүүнү, ошондой эле заманбап киноиндустрияда актер өзүн кантип сабаттуу тааныштыруу керектиги жөнүндө түшүндүрөт.
Фестивалдын атайын коноктору
III Бишкек эл аралык кинофестивалынын ардактуу конокторунун арасында дүйнөлүк кинематографиянын таанымал ишмерлери бар:
Микеле Плачидо – легендарлуу италиялык актёр жана режиссёр, белгилүү "Спрут" сериалында комиссар Каттанинин ролу, ошондой эле ондогон авторлук жана коммерциялык иштерге катышуусу менен белгилүү.
Шинносуке Абэ – көрүнүктүү жапон актёру жана продюсер, "Сёгун" (Shōgun) сериалы, ошондой эле бир катар ири жапон жана эл аралык долбоорлор боюнча белгилүү. Ал абройлуу киносыйлыктардын ээси жана дүйнөлүк алдыңкы кинофестивалдардын дайымкы катышуучусу.
Доминик Уэст – британиялык актёр, “Таажы” (The Crown) сериалдарындагы, “300 спартандык” (300) тасмасындагы жана “Көңүлдөштөр” (The Affair) драмасындагы ролдору аркылуу белгилүү. Анын таланты дүйнө жүзү боюнча сынчылар да, көрүүчүлөр тарабынан да жогору бааланган.
Анджей Бартковяк – 2000-жылдардын башында хитке айланган “Ромео өлүшү керек”, “Төрөлгөндөн өлгөнгө чейин” боевик тасмаларынын режиссёру.
Атайын көрсөтүүлөр:
"Ромео өлүшү керек" тасмасы 12-июнда саат 11:00дө “Ала-Тоо” кинотеатрынын чоң залында болот. Көрсөтүүдөн кийин “суроо-жооп” форматындагы жолугушууда көрүүчүлөр режиссер менен тааныша алышат.
III Бишкек эл аралык кинофестивалы – бул жөн гана кино көрсөтүү эмес, бул диалог жүргүзүү, тажрыйба алмашуу жана чыгармачылык өсүү үчүн арналган ачык мейкиндик.
Фестиваль кино индустриясынын кесипкөй өкүлдөрүн бириктирип, жаш режиссёрлорго өзүн таанытууга, ал эми тажрыйбалуу кинематографисттерге кызматташуунун жаңы жолдорун ачууга өбөлгө түзөт. Ошону менен бирге, ал ар түрдүү маданияттар ортосундагы байланышты бекемдөөгө жана улуттук кинематографиянын өсүшүнө түрткү берет.