"Бейиш эненин таманында" тасмасынын уландысы тартылууда. Бул тууралуу аталган тасманын режиссёру Руслан Акун социалдык тармактагы баракчасында бөлүштү.
Белгилүү болгондой, тасманын уландысында да башкы ролду актёр Эмил Эсеналиев аткарат.
"Бейиш: Апама кат". 2026-жылы кинотеатрлардан көрүшкөнчө",- деп билдирүү калтырды Руслан Акун.
Эске салсак, "Бейиш эненин таманында" тасмасы 2024-жылдын февраль айында көрүүчүлөргө тартуулана баштаган. Тасма Казакстан, Орусия, Өзбекстан, Азербайжан жана башка өлкөлөрдө да көрсөтүлдү. Фильм Кыргызстанда, Өзбекстанда, Казакстанда, Түркияда, Египетте жана Сауд Арабиясында тартылган.