Бишкектин Калыс-Ордо конушунда жол эрежесин бузуу менен коомдук транспорттун өтүшүнө тоскоолдук жараткан жеңил унаанын айдоочусуна 3000 миң сом айып пул салынды. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы анын кечирим сураган видеосун жарыялады.
Анда ал унаасынын күйүүчү майы түгөнүп калгандыгын айтып, жалгыз болгондуктан унааны жол четине чыгара албай калганын жүйө келтирет.
Буга чейин социалдык тармактарда тараган видеодо айыпка жыгылган жигит автобустун айдоочусун тоготпой койгонун көрүүгө болот. Анда жигит жолдон жылып коюусун суранган айдоочуга "бузулуп калды, ары жагы менен айдай берчи" деп керсейген.