Бүгүн, 9-июнда министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Экономика жана коммерция министрлигине кызматтык автоунааларды өткөрүп берүү аземине катышты. Бул тууралуу президенттик администрациядан билдиришти.
Адылбек Касымалиев куттуктоосунда азыркы шартта финансист жана экономист кесибинин маанилүүлүгүн белгилеп, акыркы жылдардагы ИДПнын туруктуу өсүү темпи жүргүзүлүп жатканы экономикалык саясаттын натыйжалуулугун көрсөтүп тураарын билдирди.
"Экономисттер менен финансисттер —азыркы замандын негизги кызматкерлери. Дал ушул сиздер бардык министрликтердин жана ведомстволордун сунуштарын жана демилгелерин бириктирген, алдыга карай багыттарды көрсөткөн социалдык-экономикалык өнүгүү программаларын иштеп чыгасыздар", — деп белгиледи төрага.
Ал ошондой эле өлкөнүн алдында турган амбициялуу максаттарына токтолуп, алар экономиканын бардык тармактарын, өзгөчө өнөр жай тармагын өнүктүрүүнү талап кылына турганына токтолду.