Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Кенжебек Бокоев кармалды. Бул тууралуу 9-июнда Талас облустук милициясы билдирди.
Маалыматка ылайык, ал "Коррупция" беренеси менен козголгон кылмыш ишинин алкагында кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Учурда тергөө иштери уланууда.
Белгилей кетсек, Бокоев Жогорку Кеңештин V, VI чакырылыштарында депутат болгон.