"Гарри Поттер" сериалынын жылдызы Том Фелтон Драко Малфойдун ролуна кайтып келет

"Гарри Поттер" сериалындагы Драко Малфойдун ролу менен таанымал актёр Том Фелтон өзүнүн легендарлуу ролуна кайтып келет. Бул тууралуу ал өзүнүн социалдык тармактагы баракчасында билдирди.

Маалымдалгандай, бул жолу ал белгилүү "Гарри Поттер жана каргыш тийген бала" спектаклинде, Бродвей сахнасында ойнойт.

"Бул сунушту кабыл алуу үчүн көп убакыт деле кеткен жок. Башында тамашалап жатышса керек деп ойлодум. Бродвейге чыгуу көп актёрдун, анын ичинде менин да кыялым болчу. Эми ошол кыял ишке ашып жатат", - деди Фелтон бүгүн, 9-июнда журналисттерге.

Том Фелтон "Гарри Поттер жана каргыш тийген бала" мюзиклине 19 жума гана катышат. Спектакль 11-ноябрда башталат.

Эске салсак, Жоан Роулингдин "Гарри Поттер" тууралуу китептер сериясы жети бөлүктөн турат. Бул чыгармалар Хогвартс мектебинде окуган жаш сыйкырчы Гарринин зулум күчтөргө, айрыкча Волан-де-Мортко каршы күрөшүн баяндайт. Китептер боюнча тартылган сегиз тасма дүйнөлүк хит болуп, Дэниел Рэдклифф, Эмма Уотсон жана Том Фелтон сыяктуу актёрлорду атактуу жылдыздарга айланткан.

Том Фелтон
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан