Beeline’дын кеңселеринен ОСАГО алуу мындан оңой нерсе жок!

Унаа ээлери үчүн жакшы кабар! ОСАГОну тез, ыңгайлуу жана мүмкүн болушунча оңой алгыңыз келеби? Бул мүмкүн – Beeline’дын сатуу жана тейлөө кеңселеринде.

ОСАГО – бул автотранспорт каражаттарынын ээлеринин жарандык-укуктук жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу. Жөнөкөй сөз менен айтканда, эгер айдоочу кокусунан кырсыкка кабылып, башка унаага, айдоочуга же жөө жүргүнчүгө зыян келтирсе, төлөнүүгө тийиш болгон чыгымдарды өзүнүн эмес, камсыздандыруунун эсебинен жаба алат.

Белгилүү болгондой, 2025-жылдын 1-июлунан тарта, Кыргызстандагы ар бир унаа ээси жарактуу ОСАГОго ээ болууга тийиш. Бул документсиз рулда отурган жарандар айып пул төлөп, эң негизгиси, кырсык учурунда коргоосуз калат. Ошондуктан, ОСАГОну акыркы учурга калтырбай, маселени алдын ала чечүүнү сунуштайбыз.

Beeline Кыргызстан уюлдук байланыш оператору жана «АЮ Гарант» камсыздандыруу компаниясы документти ашыкча түйшүксүз жана тез алууну мүмкүн кылат. Beeline’дын кеңселеринде ОСАГО алуу – бул:

¾ тез (процедура бир нече мүнөттү гана талап кылат);

¾ ыңгайлуу (узун кезектер жана ашыкча бюрократия жок);

¾ ачык-айкын (кызматкерлер ар бир этапта жардам беришет).

Beeline’дын кайсы кеңселеринде ОСАГО алуу мүмкүн?

• Бишкек шаарында: ЦУМ-1, ЦУМ-2, «Беш-Сары», «Бишкек Парк», «Берекет Гранд», «Вефа», «Аламүдүн Гранд», «Азия Молл», «Технопарк» соода борборлору, «Асыл-Таш» бизнес борбору, «Орто-Сай» базары, «Дордой» базары.

• Чүй областында: Кара-Балта, Токмок, Кант шаарлары, Беловодское, Сокулук айылдары.

• Ош шаарында: «Ош Ареопаг», «Урбан Молл», «Мегаполис», «Келечек» соода борборлору, Курманжан Датка көч.

• Ош областында: Өзгөн, Ноокат, Кара-Суу шаарлары, Көк-Жар, Куршаб, Араван, Кара-Кулжа, Дароот-Коргон, Манас, Гүлчө айылдары.

• Баткен областында: Баткен, Кызыл-Кыя, Исфана, Кадамжай, Айдаркен шаарлары, Халмион, Интернационал, Үч-Коргон, Торговый айылдары.

• Жалал-Абад областында: Жалал-Абад, Токтогул, Майлуу-Суу, Кочкор-Ата, Кербен, Кара-Көл, Сузак шаарлары, Ала-Бука айылы.

• Ысык-Көл областында: Чолпон-Ата, Каракол, Балыкчы шаарлары.

• Нарын областында: Нарын шаары.

• Талас областында: Талас шаары.

Beeline’дын эң жакынкы кеңсесине баш багып, ОСАГО алып, жолдо өзүңүздү ишенимдүү сезиңиз!

Бул мүмкүн. Бул Beeline.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан