Баткенде мыйзамсыз ижарага берилген жер мамлекетке кайтарылды

Кадамжай районунун Ак-Турпак айылында узак мөөнөткө ижарага мыйзамсыз берилген жер тилкеси мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.

Маалыматка ылайык, юридикалык жактарга жалпы аянты 120 гектар күрүч плантациясын мыйзамсыз ижарага берген факт аныкталган.

"Жер тилкеси Суу, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин Кадамжай райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгына өткөрүлүп берилди", - деп айтылат маалыматта.

УКМК ушул сыяктуу фактыларды аныктоо боюнча иштерди улантууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан