Бишкекте "Притон" рейдинде 160тай кыз аныкталды 

Бишкек шаардык милициясы "Притон" аттуу рейд өткөрүлгөнүн билдирди.

Ага ылайык, көңүл ачуучу жайлар, батирлер, мончолор, боди массаж (укалоо кызматын көрсөткөн) салондору текшерүүгө алынды. Жарандардын коопсуздугуна жана коомдук тартипке коркунуч жараткан бир катар мыйзам бузуулар аныкталды.

Жыйынтыгында 160ка жакын кыз аныкталып, алардын ичинен 7 кыз боди массаж салонунда иштеп жүргөнү белгилүү болду. Ар кандай укук бузуулар боюнча 50 кызга административдик протоколдор түзүлүп, интимдик кызмат көрсөткөн кыздардын айрымдары 3 суткага камакка алынып, жалпысынан 300 миң сом айып пул салынды. 60ка жакын мончо жана мейманкананын ээлери тергөө кызматтарына жеткирилип, сүйлөшүү жүргүзүлдү.




Кыздар
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан