Тышкы иштер министрлиги АКШнын Лос-Анджелес шаарында уланып жаткан баш аламандыктарга байланыштуу кыргызстандыктарга кайрылды.
Маалыматка караганда, министрлик АКШнын аймагында жүргөн Кыргыз жарандарын коопсуздукту камсыздоо максатында күчөтүлгөн сактык чараларын көрүүгө чакырды.
Жеке коопсуздукту камсыздоо үчүн төмөнкү эрежелер сунушталды:
• баш аламандыктар катталган же болушу ыктымал болгон райондорго барбоо;
• эл көп чогулган жерлерге баруудан кармануу;
• митингдерге, демонстрацияларга жана башка массалык иш-чараларга катышпоо.
Акыркы маалыматтарга ылайык, ал аймактарда Кыргыз жарандарын кармоо учурлары катталган эмес.
Өзгөчө кырдаалдар жаралган маалда Кыргыз жарандары Кыргызстандын Чикаго шаарындагы Башкы консулдугуна төмөнкү номерлер аркылуу кайрылууга болот: (312) 929 34 42; +1 (312) 994 24 16.
Эске салсак, буга чейин АКШнын Иммиграция жана Бажы кызматынын Лос-Анжелестин борборунда мыйзамсыз мигранттарды аныктоо үчүн жүргүзгөн рейди демонстранттар менен кагылышууга айланган. Ак үйдүн басма сөз катчысы Кэролин Левитт нааразычылык акциялары учурунда Лос-Анжелеске Улуттук гвардиянын 2 миң аскери киргизилерин билдирген.