Чүйдүн Беловодское айылында пневматикалык куралды мыйзамсыз сатуу фактысы аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 9-июнда облустук милиция билдирди.
Милиция тактагандай, 1-июнда Б.А.нын YouTube-каналында Беловодское айылынын базарларынын биринде пневматикалык курал сатылып жаткандыгы тартылган видео жарыяланган.
Аталган факты каттоого алынып, алдын ала териштирүү иштери башталган. Видеодо көрсөтүлгөн куралдар Беловодское айылынын 52 жаштагы К.Н. тургунуна таандык экендиги аныкталды.
"Ал пневматикалык мылтыктарды интернет сайттарынан сатып алып, базардан алынган иштебеген бөлүктөрдөн чогултуп, сатууга чыгарган. Жалпысынан ал 11 даана пневматикалык куралды тиешелүү уруксаты жок чогултуп, сатыкка чыгарганы аныкталды.
Текшерүүдө ал төмөнкү 4,5 мм калибрдеги пневматикалык мылтыктарды (ИЖ 60, Kral Puncher, кытай өндүрүшүндөгү модель, Retay, Diana, Remington, Quattro, Airtact, МР 60, МР 512 жана Stalker C84) өз ыктыяры менен өткөрүп берди", - деп билдирди мекемеден.
Учурда соттук-баллистикалык экспертиза дайындалып, текшерүү иштери улантылууда.