Калифорния штаты АКШнын президенти Дональд Трампты Лос-Анжелестеги нааразычылык акцияларын басуу үчүн Улуттук гвардиянын 2000 аскерин жиберүү чечимине байланыштуу сотко берет. Бул тууралуу Калифорниянын губернатору Гэвин Ньюсом билдирди.
"Дональд Трамп дал ушул нерсени каалады. Ал Улуттук гвардияны федералдаштыруу үчүн мыйзамсыз аракеттерди жасады. Ал кол койгон буйрук Калифорнияга гана тиешелүү эмес. Ал ага кайсы штатка болбосун ушул эле нерсени жасоого мүмкүндүк берет. Биз аны сотко берип жатабыз", - деп жазган ал X социадык тармактагы баракчасына.
Ошондой эле ал MSNBC телеканалындагы түз эфирде доо арыз Улуттук гвардиянын аскерлерин анын макулдугусуз жайгаштырууга тиешелүү болорун айткан. Мындан тышкары, губернатор АКШ президентин башаламандыктар менен кырдаалды курчутуп жатат деп айыптады.
Айта кетсек, Лос-Анжелесте массалык нааразычылык акциялары полициянын мыйзамсыз мигранттарды аныктоо боюнча рейдинен кийин башталган. Трамп 7-июнда башаламандыктарды токтотуу үчүн штатка Улуттук гвардияны жайгаштырууну буйруган.