Павел Дуров Франциядан кете албасына таң калды

Telegram`дын негиздөөчүсү Павел Дуров мессенжердин миллиард колдонуучуларынын бир пайыздан азы жашаган Франциядан кете албай жатканы табышмак бойдон калганын айтты.

"Эмне үчүн мен дагы эле Telegram`дын миллиард колдонуучуларынын бир пайызынан азы жашаган Франциядан кете албайм? Бул табышмак бойдон калууда", - деп жазган ал X социалдык тармагында.

Ал ошондой эле Францияда ага каршы тергөө башталганын дагы деле түшүнбөй турганын белгиледи.

"Адегенде бийлик Telegram француздардын өтүнүчтөрүнө жооп бербей жатат деп ырасташкан. Бирок алар Евробиримдиктин жана Франциянын мыйзамдарын тоготпой, өткөн жылдын сентябрына чейин бизге юридикалык жактан милдеттүү бир дагы сот өтүнүчүн жөнөтүшкөн эмес", - деп жазат Дуров.

Анын айтымында, француз бийлиги Telegram'ды мазмунду модерациялоонун начардыгы үчүн айыптап, көп өтпөй соттук-медициналык экспертиза аны төгүнгө чыгарган.

Белгилей кетсек, Дуров былтыр, 24-августта Париж аэропортунда кармалып, бир нече күндөн кийин беш миллион евро күрөөгө бошотулган. Ишкерге Франциядан чыгууга тыюу салынган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан