Кыргызстанда бөйрөк алмаштыруу операциясын жасай турган мекемелер аныкталды

Өлкөдө бөйрөк алмаштыруу операциялары Саламаттыкты сактоо министрлигине караштуу Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда, Кыргыз-Түрк достугу Бишкек мамлекеттик ооруканасында, Ош мамлекеттик университетинин алдындагы Медициналык борбордо жүргүзүлөт. Бул тууралуу кечээ, 9-июнда министрлер кабинетинин маалымат кызматы билдирди.

Тиешелүү токтомго министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду. Ал эми бөйрөктү трансплантациялоо боюнча кызмат көрсөтүүчү саламаттык сактоо уюмдарынын тизмеси токтомдун тиркемесине ылайык аныкталды.

Токтомдун негизинде, бөйрөктү трансплантациялоо боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруунун жана ишке ашыруунун тартиби бекитилди.

"Бешинчи стадиядагы өнөкөт бөйрөк оорусунун диагнозу коюлган жарандар үчүн бөйрөктү трансплантациялоо боюнча кызмат көрсөтүүлөр, ошондой эле операцияга чейинки жана андан кийинки дарылоо менчигинин түрүнө карабастан саламаттыкты сактоо уюмдары тарабынан ишке ашырылат жана медициналык жардамдын жогорку технологиялуу (кымбат баалуу) түрлөрүнүн фонду боюнча Саламаттыкты сактоо министрлигинин бюджетинде каралган каражаттардын эсебинен каржыланат",-деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан