Жакыр үй-бүлөдө жашаган 500 бала жайкы эс алууга жөнөтүлдү

Аярлуу категориядагы балдардын биринчи агымы эс алууга жөнөтүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 10-июнда Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, балдардын эс алуусу 10-июндан 22-июлга чейин созулат. Биринчи агымга Чүй облусунан, Бишкек шаарынан, Ысык-Көл жана Нарын облустарынан 500 бала жөнөтүлүүдө.
Жалпысынан программада 6 агым пландалууда, ага 1000 өспүрүм жана 200 майыптуулугу бар балдар кирет. Акыркысы сентябрь айында "Алтын-Балалык" борборунда реабилитациядан өтөт.
Жайкы эс алууларды уюштурууга мамлекеттик бюджеттен 15 миллион сом бөлүндү. Мындан тышкары, 2024-жылдын сентябрынан 2025-жылдын февралына чейин ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген 600 балага президенттин резервдик фондунан колдоо көрсөтүлгөн”, – деди министр Равшанбек Сабиров.
Белгилей кетсек, ар бир агым сөзсүз түрдө майыптуулугу бар балдарды камтыйт. Программа жайкы мезгилде калктын социалдык аярлуу катмарындагы балдардын ден соолугун жана бакубаттуулугун колдоого багытталган.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан