Канттык “Абдыш-Ата” футболдук клубунун курамында 2013-жылы КРнын ТОП-Лигасынын башкы бомбардири аталган Алмазбек Мирзалиев Ош шаарынын “Алай” футболдук клубунун оюнчусуна айланды. Бул тууралуу бүгүн, 13-январда “Алай” клубунан билдиришти.
Андан тышкары АФКнын Кубогунун финалдык баскычына чыгуу аракет көрүп жаткан “Алай” футболдук клубунун курамы “Алганын” Александр Бельдинов, Валерий Кашуба жана Вениамин Шумейко сыяктуу футболчулары менен толукталды. Ал эми ижара түрүндө “Алгадан” Артём Муладжанов, Павел Сидоренко, “Абдыш-Атадан” Ильдар Амиров оштук клубдун курамына киришти.
Эске салсак, “Алай” футболдук клубу 2-февралда АФКнын Кубогунун финалдык баскычына жолдомо алуу үчүн Палестинанын чемпиону “Шабаб Аль-Тахри” менен кез келет.