Балыкчы шаарындагы коомдук Green City пляжында байыркы грек кудайлары Зевс менен Посейдонун айкелдери орнотулду. Айкелдердин сүрөттөрү социалдык тармактарда тароодо.
Айкелдер кайдан алып келингени жана алардын автору ким экени азырынча расмий айтылган жок. Күбөлөрдүн айтымында, бул скульптуралар июнь айынын башында пайда болгон.
Учурда айкелдер эс алуучуларда негизинен таң калуу жана суроолорду жаратууда. Кээ бирөөлөр үчүн алар символдуу көрүнсө, башкаларга жөн эле кызык же орунсуз сезилүүдө.