Бүгүн, 10-июндан 13-июнга чейин өлкөдө туруксуз аба ырайы күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, туруксуз аба ырайына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоо этектериндеги жана тоолуу аймактарда сел жүрүшү мүмкүн. Ошондой эле дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү ыктымал.
ӨКМ бул күндөрү тоолуу аймактарда, жаратылышта эс алуудан баш тартып, дарыя жээктеринен алыс болууга чакырат.