Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда болду. Бул тууралуу атайын кызмат кабарлады.
УКМК жетекчиси дарыгерлердин кайрылуусу боюнча балдар эндоскопия бөлүмүнө 16,5 миллион сомдук SonoScape 550 үлгүсүндөгү эндоскоп медициналык жабдыгын тапшырып, аталган борбордун ишмердүүлүгү менен таанышкан.
"Бул жабдуулар ички органдарды жана ар кандай хирургиялык манипуляцияларды изилдөөгө мүмкүндүк берет жана балдардын ар кандай ооруларын дарылоо боюнча медициналык кызматкерлердин ишин жеңилдетет", - деп айтылат маалыматта.