Садыр Жапаров Швейцариянын Кыргызстандагы элчисин кабыл алды

Президент Садыр Жапаров Швейцариянын Кыргызстандагы элчиси Оливье Бангертерди анын өлкөдөгү дипломатиялык миссиясынын аяктагандыгына байланыштуу кабыл алды. Бул тууралуу бүгүн, 10-июнда өлкө башчысынын администрациясы маалымдады.

Жапаров элчиге Кыргызстан менен Швейцариянын ортосундагы стратегиялык кызматташтыкты өнүктүрүүгө жана чыңдоого кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдирди.

"Кыргызстан менен Швейцариянын ортосундагы эки тараптуу мамилелер өз ара кызыкчылыкты туудурган бардык чөйрөлөрдө ырааттуу өнүгө берет деп ишенем", - деп белгиледи өлкө башчы.

Өз кезегинде элчи Бангертер эки өлкөнүн ортосундагы бардык багыттар боюнча кызматташуунун мындан аркы өнүгүүсүнө ишеним көрсөттү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан