Австрияда мектептеги атышуудан кийин үч күндүк аза күтүү жарыяланды

Австриянын Грац шаарындагы мектепте атышуудан кийин үч күндүк улуттук аза күтүү жарыяланды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Маалым болгондой, бул күндөрү өлкөдө желектер түшүрүлүп, майрамдык иш-чаралар жокко чыгарылат же кийинкиге жылдырылат.

"Бүгүнкү болгон окуя – улуттук трагедия. Бул окуя баарыбызга таасир этти. Австрияда үч күндүк улуттук аза күтүү жарыяланды", - деген өлкөнүн канцлери Кристиан Стокер.

Айта кетсек, бүгүн, 10-июнда Австриянын Грац шаарындагы мектепте болгон атышуудан 11 адам каза таап, 30дан ашуун адам жаракат алганы маалымдалган.

Австриялык телеканалдардын маалыматы боюнча, шектүү теңтуштары тарабынан шылдыңдоого кабылган. Ал эки класска кирип, болжол менен 40 жолу ок чыгарган. Андан соң мектептин ичинде өз жанын кыйган. Жабыркагандардын арасында мугалимдердин да болгону айтылууда.

Учурда Австрия бийлиги бардык ички саясий иш-чараларды токтоткону жана окуя болгон жерде териштирүү иштери жүрүп жатканы маалымдалды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан