Кыргыз футбол биримдигинин президенти Камчыбек Ташиев Кыргызстан менен БАЭ беттешин футбол күйөрмандары менен бирге көрүп жатат.
КФБ билдиргендей, оюн бүгүн, 10-июнда Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өтүп жатат. Азырынча эсеп 0:1, алгачкы тайм Бириккен Араб Эмираттары курамасынын пайдасына аяктады.
Белгилей кетсек, оюн 2026-жылкы Дүйнө чемпиондугунун III тандоо этабынын алкагында өткөрүлүүдө.