Австриядагы мектепке кол салган шектүүнүн үйүнөн кат табылды

Австриянын Грац шаарындагы мектепте кол салууга шектелип жаткан адамдын үйүн тинтүү учурунда анын каты табылды. Бул тууралуу Kronen Zeitung басылмасы жазды.

“21 жаштагы жигиттин үйүндө түштөн кийин тинтүү жүргүзүлгөн. Тергөөчүлөр ал жерден коштошуу катын табышты”, — деп айтылат басылманын маалыматында.

Ошол эле учурда басылма каттын мазмунун ачыкка чыгарган эмес.

Айта кетсек, бүгүн, 10-июнда Австриянын Грац шаарындагы мектепте болгон атышуудан 11 адам каза таап, 30дан ашуун адам жаракат алганы маалымдалган.

Австриялык телеканалдардын маалыматы боюнча, шектүү теңтуштары тарабынан шылдыңдоого кабылган. Ал эки класска кирип, болжол менен 40 жолу ок чыгарган. Андан соң мектептин ичинде өз жанын кыйган. Жабыркагандардын арасында мугалимдердин да болгону айтылууда.

Учурда Австрия бийлиги бардык ички саясий иш-чараларды токтоткону жана окуя болгон жерде териштирүү иштери жүрүп жатканы маалымдалды. Мындан тышкары өлкөдө үч күндүк аза күтүү жарыяланды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан