Чүй облусунун аймагында «Өспүрүм-түн» алдын алуу иш-чарасы уланууда. Бул тууралуу облустук милиция кабарлады.
Ага ылайык, милиция кызматкерлери мобилдик топтордун курамында кечки саат 20:00дөн таңкы 06:00гө чейин көчөлөрдү жана жаштар көп чогулган жерлерди күзөтүшүүдө.
Иш-чаранын максаты - жайкы каникул маалында өспүрүмдөр арасында укук бузуулардын алдын алуу.
Милиция кызматкерлери түн ичинде көчөдө жүргөн өспүрүмдөр жана алардын ата-энелери менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.