"Мен көргөн эң сулуу кызга белек". Жигит жөнөткөн тортту жеген кыз каза болуп калды

17 жаштагы Ана Луиза де Оливейра Невес аттуу кыз жашыруун күйөрманынан алган тортту жегенден кийин каза болуп калды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.

CNN'дин маалыматына караганда, кызга тортту курьер алып келип берген. Белектин ээси тортту "Мен көргөн эң сулуу кызга белек" деген жазуу менен жөнөткөн. Кыз аны жегенден көп өтпөй кусуп жана диарея башталган.

Атасы кызын дароо ооруканага жеткирип, ага тамактан ууланган деген диагноз коюлган. Көрсөтүлгөн жардамга карабай, эртеси кыздын абалы кескин начарлап, кайра ооруканага бараткан жолдо жүрөгү токтоп калган.

Полиция үрөй учурган окуяны иликтеп чыкты. Өлүмгө себепкер тортту кыздын күйөрманы эмес, жакын курбусу жөнөткөн. Кылмышка шектүү күнөөнү моюнуна алып, курбусу сулуу болгону үчүн көрө албастыгын айтып, десертке мышьяк аралаштырганын ачыктаган. Курбусу кыз ууланып калган күнү жанында жүрүп, эч нерсе билбегендей түр көрсөткөн.

Сурак учурунда бул биринчи аракет эмес экени белгилүү болгон. Ал буга чейин дагы бир кызды "жигитимди тартып алды" деп айыптап, ууландырууга аракет кылган. Бактыга жараша ал жабырлануучу аман калган.

Жашы жете элек шектүү түзөтүү абагына киргизилди.

Учурда тергөө иштери уланууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан