Өзбекстандын футбол боюнча курама командасынын бардык оюнчуларына жана машыктыруучулар штабынын мүчөлөрүнө 2026-жылдагы дүйнө чемпиондугуна жолдомо уткандыгы үчүн автоунаа белекке берилди.
Белектерди өлкө башчысы Шавкат Мирзиёев Ташкенттеги борбордук стадиондо тандоонун финалдык беттешинен кийин тапшырды. Бул беттеште Өзбекстан Катарды 3:0 эсебинде утуп алды.
Эске салсак, буга чейинки турда команда 2026-жылы АКШ, Канада жана Мексикада өтө турган Дүйнө чемпиондугунун финалдык баскычына биринчи жолу жолдомо алган.