"Мигранттарга жардам берсин". Депутат эки министрликтин кызматкерлерин Орусияга жөнөтүүнү сунушутады (видео)

Бүгүн, 11-июндагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Улукбек Ормонов Тышкы иштер министрлиги менен Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин кызматкерлерин Орусияга кыргызстандык мигранттарга жардам берүү үчүн эки айга жөнөтүүнү сунуш кылды.

Ал Орусияда мигранттардын иштөөсүн мыйзамдаштыруу сентябрь айына чейин узартылганын эске салды.

"Биздин жарандарыбызга бардык жагынан жардам беришсин. Жөн эле "мыйзамдаштыргыла" дей бербестен ал жакка барып, жардам көрсөтүшсүн. Орусиянын чоң шаарларына кызматкерлерди бөлүштүрүш керек", - деди Ормонов.

Жогорку Кеңеш 11.06.25.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан