Депутат кыргыз тили боюнча маселе көтөрүп, кесиптештери кол чабышты (видео)

Бүгүн, 11-июндагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Пархат Тулендыбаев мамлекеттик тилдин өнүгүшүнө салым кошууга даяр экенин билдирип, кесиптештерин да ушуга үндөдү.

Ал өзү башка улуттун өкүлү болсо да, кыргыз тилине болгон сыйы өзгөчө экенин белгиледи.

"Мамлекеттик тилди урматтоо - бул мекенди урматтоо дегендик. Биздин өлкө көп улуттуу мамлекет. Албетте, ар бир эл өз тилин билүүгө жана сактоого тийиш. Өкмөткө бүт шарттарды түзүп берип жатканына ыраазычылык билдиребиз. Бирок Кыргызстанда жашап, ушул мамлекеттин жараны болгондуктан, мамлекетик тилди билүү ар бирибиздин милдетибиз деп эсептейм", - деди эл өкүлү. Анын сөзүн кубаттап депутаттар кол чабышты.

Белгилей кетсек, Тулендыбаев быйыл 29-январда "Ата Журт-Кыргызстан" фракциясынын тизмесинде депутаттык мандатка ээ болгон. Ал Ош шаарынын мэри болуп дайындалган фракциялашы Жеңишбек Токторбаевдин ордуна келген.

Пархат Тулендыбаев Жогорку Кеңештин 6-чакырылышында "Республика-Ата Журт" партиясынан депутат болгон. Журналисттердин бири андан мамлекеттик гимнди аткарып берүүсүн суранганда туура аткара албай калып интернетте талкууга түшкөнү маалым. Бул үчүн депутат элден кечирим сураган.

Жогорку Кеңеш 11.06.25.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан